Өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттамдар үзгүлтүксүз жүрүүдө
Бүгүн, 23-декабрь күнү саат 09:00гө карата Кыргызстандын ашууларында унаа жолдору ачык, каттамдар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда, ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында күн бүркөк болгону менен жол ачык жана каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Мындан тышкары, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38–112-чакырымдар аралыгына мурда убактылуу киргизилген чектөө алынган. Учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан кардан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошол эле учурда Нарын – Актал-Чат – Казарман унаа жолунун 72–94-чакырымындагы Кара-Гөө ашуусунда жана 42–44-чакырымындагы Ийри-Суу участогунда кар көчкү түшкөндүгүнө жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 12-декабрдан тартып жеңил жана оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө алына элек.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды кышкы жол шарттарын эске алып, унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















