Жаңы жылдык кызыктуу ырым-жырымдар

Испания
Сыйкырдуу майрам саналган Жаңы жыл түнү саат 24:00гө 12 секунд калганда, ар бир секунд менен кошо 12 даана жашыл жүзүм жеш керек. Желген 12 жүзүм келе жаткан 12 айда ийгилик алып келет деген ишеним.
Дания
Жаңы жыл түнү көчөгө чыгып, эшиктин алдында тарелка же стакандардын сыныгы жатса жинденбей, тескерисинче, кубанышат. Анткени даниялыктар жаңы жыл түнү жакшылык каалаган адамдарынын үйүнүн эшигинин алдына идиш сындырып кетишет. Канча көп идиш сындырылса, ошончо көп киши мага жакшылык каалайт деп ишенишет.
Ирландия
Дагы бир кызык салт Ирландияда бар. Жаңы жыл түнү саат 24:00дү кагарда үй кожоюну дасторконго сөзсүз коюлган батонду (нан түрү) алып, үйдүн дубалдарын согот. Муну менен үйдөгү жамандык, жин-шайтандар чыгып кетет дешет. 24:00дөн өткөндөн кийин батон менен эшикти тыкылдатышат. Бул кадам Жаңы жыл менен кошо жакшылыктар келсин деген ырым.
Кызыл ич кийим
Жаңы жылды кызыл ич кийим кийип тоссо эмне болот? Ич кийимдин бул өңүнө жараша ар кайсы өлкөдө ар кандай ырым-жырымдар бар. Мисалы, Мексика, Боливия, Чили, Бразилияда бойдоктор кызыл ич кийим кийип тоссо, Жаңы жыл аларга сүйүү, түгөй алып келет дешет. Ал эми Түркияда кызыл ич кийим ийгиликтин коштоочусу катары саналат. Кытайда болсо кызыл ич кийим жамандыкты кууйт деген ишеним бар.
Куба
Кубада Жаңы жыл түнү көчөдө басуу чет элдиктер үчүн күтүүсүз окуялар менен коштолушу мүмкүн. Анткени жергиликтүү калк бул майрамдык түндө идиштерге таза суу куюп, саат түнкү 12ни какканда терезеден баягы сууну төгүп жиберишет. Муну менен Жаңы жылда жолубуз суудай таза жана шар болсун деп каалашат.
0


Супер-Инфо
super.kg видео

















