АКШда мыйзамсыз мигранттарга өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгуу үчүн 3 миң доллар сунушталууда
АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга жыл аягына чейин өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгууга макул болгондор үчүн төлөмдөрдү убактылуу көбөйтүп берүүнү жарыялады. Бул тууралуу мекеменин расмий маалыматында айтылганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, АКШда мыйзамсыз жүргөн адамдар CBP Home мобилдик тиркемеси аркылуу өз ыктыяры менен депортацияга катталып, 3 миң доллар жана өз мекенине акысыз авиабилет алышат. Ошондой эле программага катышуу миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жарандык айып жана туумдарды төлөөдөн бошотот.
DHS жетекчиси Кристи Ноэмдин айтымында, 2025-жылдын январь айынан бери 1,9 миллион мыйзамсыз мигрант өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кеткен.
"Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланыңыз. Болбосо, аларды табышып, кармашып, депортация кылышат жана кайра кирүүгө жол жок болот",- деп эскертти Ноэм.
DHS белгилегендей, CBP Home тиркемеси аркылуу өз ыктыяры менен чыгуу процессин тез жана жөнөкөй жүргүзсө болот: тиркемени жүктөп, керектүү маалыматтарды толтурса, мекеме сапардын уюштурулушу жана чыгымдарын өзүнө алат.
Министрлик белгилегендей, программаны белгиленген мөөнөттө колдонбогондорду күч менен кармоо жана өмүр бою АКШга кирүүгө тыюу салуу коркунучу күтүп турат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















