Путин Одинцово шаарындагы окуучунун өлүмүнө байланыштуу Рахмонго көңүл айтты
Орусиянын президенти Санкт-Петербург шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда Одинцоводогу мектепте каза болгон Кобилжон Алиевдин жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Мамлекет башчысы балдарга карата жасалган зомбулук өзгөчө оор кылмыш экенин белгилеп, окуя боюнча тергөө иши толук жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын билдирди.
Эске салсак, 16-декабрда мектеп окуучусу Тимофей күзөтчүнү жарадар кылып, төртүнчү класстын окуучусу Кобилжон Алиевди бычактап өлтүргөн. Окуядан кийин өспүрүмгө "Киши өлтүрүү" жана "Киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренелери менен айып тагылып, соттун чечими менен камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:9
2025-12-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















