super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Тармактык комитет саламаттык сактоо министри кызматына Досмамбетовдун талапкерлигин жактырды

 

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитети 23-декабрдагы жыйынында саламаттык сактоо министри кызматына Каныбек Досмамбетовдун талапкерлигин жактырды.

Эл өкүлдөрүнө талапкерди президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Жыйында комитет мүчөлөрү саламаттык сактоо тармагындагы бир катар актуалдуу маселелерге көңүл бурушту. Айрыкча медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу, калкты жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу, оорулардын алдын алуу, жаңы дарылоо мекемелерин куруу жана аларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Досмамбетовдун талапкерлигин колдоп беришти.

Айта кетсек, Досмамбетов 1-декабрда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейин ал УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: