Таластын төө буурчагы кайсы өлкөлөргө экспорттоло турганы айтылды
Өкмөт Таластын төө буурчагын Дубайга сатууну пландап жатат. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүу өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Айтымында, күз мезгилинде төө буурчактын баасы кескин төмөндөп кеткен учурда дыйкандарды колдоо максатында өкмөт тарабынан 100 миллион сом бөлүнүп, 1 000 тонна төө буурчакты 95 сомдон мамлекет сатып алган.
"Күзүндө дыйкандар балдарын мектепке, жогорку окуу жайларга даярдап, каражатка муктаж болушат. Дал ошол маалда төө буурчактын баасы арзандап кетет. Мамлекет бул абалга кайдыгер караган жок",- деди министр.
Төрөбаев төө буурчакка болгон баа январь-февраль айларында дагы жогорулайт деген божомол бар экенин билдирди. Учурда продукцияны Индия, Иран, Орусия, Түркия сыяктуу өлкөлөргө экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, Дубайга сатуу маселеси активдүү талкууланууда.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:02
2025-12-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео