Депутат Кытайдан келген айдоочулар ашууларда жол тыгынын жаратып жатканын айтты (видео)
Кытайдан келген оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары ашууларда жол тыгынын жаратып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда комитеттердин биргелешкен отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев айтты.
"Мага жүздөгөн айдоочулар кайрылып жатышат. Алай менен Чоң-Алайга кар калың жаагандыктан эки ашууда жүздөгөн айдоочулар туруп калышты. Кытайдан келген айдоочулар жайкы дөңгөлөктөр менен айдаганы үчүн ал жерде жол тыгыны пайда болду. Үч күндөн бери айдоочулар ошол жерде жатышат. Ай сайын эле жол тейлөө кызматына техникаларды тапшырып жатасыңар, дагы кошумча техникаларды бөлүп бериңиздерчи. Кышында өзгөчө көңүл бурулсун",- деди депутат.
Ошондой эле эл өкүлү өкмөт башчы Адылбек Касымалиевге кайрылып, тез арада жолдорду тазалоого тапшырма берүүнү суранган.
Депутат кытайдан келген айдоочулар ашууларда жол тыгынын жаратып жатканын айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















