super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Быйыл жеке агенттиктер 17 миңден ашуун жаранды чет өлкөдө ишке орноштурду

 
Жыл башынан бери жеке ишке орноштуруу агенттиктери жалпы 17 миң 167 жаранды ишке орноштурду. Бул тууралуу Эмгек министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун маалыматында айтылат.
Алардын ичинен 6 957си кыз-келиндер. Эң көп суроо-талапка ээ болгон багыттар Улуу Британия (5284 адам), Түркия (5287), Германия (2707), Болгария (1273) жана Орусия (1463) болду. Калган жарандар Европа жана Азия өлкөлөрүндө, круиздик лайнерлерде, ошондой эле бир катар араб мамлекеттеринде ишке орношушту.
Уруксат берүү кызматтарынан республикалык бюджетке түшкөн киреше 572 миң сомду түздү. Мындан тышкары, аталган борбор иш берүүчүлөрдүн же ортомчулардын мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу 20 жаранга жалпы суммасы 1 130 603 сомду түзгөн акча каражаттарын кайтарып алууга көмөк көрсөттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: