Быйыл президент Садыр Жапаров тарыхта биринчи жолу үч өлкөгө расмий сапар жасады

2025-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарыхта биринчи жолу бир эле жылы үч өлкөгө расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Сапардын алкагында өлкө башчысы 21-22-апрелде Бахрейн падышалыгына барды. Бул өлкөгө Кыргызстандын президентинин алгачкы сапары болуп, саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Андан соң 24-25-июнда Малайзияга барган сапарында негизги көңүл соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга, санариптештирүү, билим берүү жана адал индустрия чөйрөсүндө кызматташууга бурулду.
4-5-ноябрда Садыр Жапаров Египетке расмий сапар менен барды. Бул сапар Кыргыз-Египет мамилелеринин тарыхында алгачкы болуп, саясий диалогду бекемдөө, экономикалык кызматташтыкты жана туризмди өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Эксперттердин баамында, бул сапарлар Кыргызстандын тышкы саясатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык өнөктөштүктүн географиясын кеңейтүүгө маанилүү кадам болду.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















