Дастан Бекешев окуу жайларда акча табуунун жаңы ыкмасы пайда болгонун айтты (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жогорку окуу жайларда акча табуунун жаңы ыкмасы пайда болгонун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-декабрда парламенттин биргелешкен комитеттеринин жыйында айтты.
Анын айтымында, окуу жайларда студенттер сабакка келбей калган күндөрү үчүн акча төлөп жатышат.
"Окуу жайдагы контракттар өтө эле өстү. Студенттер айтып жатышат "ушул жылдан баштап окуу жайлар жаңы бизнес түрүн табышты" деп. Сабакка келбесең, ооруп калсаң бир жолу келбегениң үчүн 1000 сом акча төлөшүң керек. Эл аралык медицина окуу жайында, дагы башка колледждерде ушундай учурлар бар экен. Бул деген бай, кедей деп бөлүнүү да. Эгер сенин акчаң бар болсо келбегениң үчүн төлөй аласың, акчаң жок болсо жок. Билим берүү тармагында мындай болбош керек",- деди эл өкүлү.
Депутаттын пикирине илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин биринчи орун басары Айбек Чотонов окуу жайлардагы контракттар инфляциянын негизинде көтөрүлгөнүн, ал эми акча алуулар боюнча маселени карап чыгарын билдирген.
Дастан Бекешев окуу жайларда акча табуунун жаңы ыкмасы пайда болгонун айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















