super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутат мектептердеги ажатканаларды текшерүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Дастан Бекешев бардык мектептердеги ажатканаларды текшерүүнү сунуштады.

Айтымында, билим берүү мекемелериндеги ажатканалардын абалы талапка жооп бербейт.

"Мектептердеги ажатканалардын абалы начар. Окуучулар мындай шартта окубашы керек. Класска кирсең оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ажатканага кирсең уяласың. Бардык мектептер боюнча текшерүү жүргүзүүнү суранам",- деди эл өкүлү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул боюнча тийиштүү тапшырмалар берилип, текшерүү иштери жүргүзүлө турганын билдирди.

"Бул боюнча келерки жылы текшерүү кылабыз",- деди өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги №37 мектептин окуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылышып, мектептеги ажаткана оңдоого муктаж экенин билдиришкен. Анда окуучулар ажатканадагы терезелер ачык, кабиналардын эшиктери жок, раковинанын астынан суу токтобой агып турарын айтышкан. Көп өтпөй мэрия президентке кайрылган окуучулардын ажаткана маселеси боюнча билдирүү тараткан.











 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: