Депутат баатыр энелердин жөлөкпулун көбөйтүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева баатыр энелердин жөлөкпулунун суммасын көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү 23-декабрдагы парламент комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.
Депутат өз сөзүндө өлкөдө 34 миң 764 баатыр эне бар экенин, учурда бул боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканын айтты.
"Алар пенсиялары аз экенин, башка жеңилдиктер жоктугун, азыр инфляциянын мезгилинде пенсиялары эч нерсеге жарабай калганын айтып жатышат. Ушул компенсацияны көтөрүү боюнча мыйзам долбоорум даяр, чогуу иштешели",- деген депутат өкмөт башчыга кайрылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тийиштүү кызматтар менен биргеликте жумушчу топ түзүп, долбоордун үстүндө иштеп чыгуу керектигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:35
2025-12-23
11:10
2025-12-23
10:15
2025-12-22
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















