super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БШКнын төрагасы: "Жогорку Кеңеш тарбиялай турчу эмес, иштей турчу жер"

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңешке тажрыйбалуу гана адистер келиши керектигин билдирди. Мындай пикирин төрага "Кабар" агенттигине берген маегинде айткан.

Ал депутат болуу үчүн мамлекеттик кызматта 10 жыл эмгектенип, тажрыйба топтоо маанилүү экенин баса белгиледи.

"Тажрыйба болуш керек. Мамлекеттик кызматта 10 жыл иштеген, эл менен аралашкан адис депутат болсо болот. Кээ бир депутатка "сенин негизги милдетиң эмне?" деп суроо берсең, мыйзам чыгаруу дейт. Мыйзам деген эмне десең жооп бере алышпайт. Мыйзам деген мыйзам да дегендерин угуп, Конституцияны сураштан коркосуң. Жогорку Кеңеш тарбиялай турчу жер эмес да. Саясий жактан тарбиялайт, бирок ал жер үйрөнө турчу эмес, иштей турчу жер. Көрүп эле жатабыз беш жыл бою сүйлөбөгөн депутаттар бар. Ошондуктан эл шайлоого барып, сатылбаш керек", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: