super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Комитет ишкерлерге салыктык жеңилдиктерди берүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоду

 

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети ишкердиктин айрым тармактарына салыктык жеңилдиктерди берүүгө багытталган мыйзам долбоорн биринчи окууда карап, жактырды.

Анда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:

  • Зергердик өндүрүш үчүн керек болгон жабдууларды, технологияларды жана жарым фабрикаттарды импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу, чет өлкөлүк көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу үчүн зергердик буюмдарды ташып чыгарууда бажы жыйымдарын жана салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана преференцияларды берүү.
  • Легалдаштыруу мезгилинде салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгилөө менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мурда ташып киргизилген же өндүрүлгөн калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштыруу.
  • Үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотуу.
  • Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган же чогултулган транспорт каражаттарын, алардын комплекттөөчүлөрүн саткан учурда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу.
  • Тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү.

Аталган мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: