super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

УКМКнын кызматкерлерине жеке эс алуу жайы салынды (сүрөттөр)

 

Бүгүн, 23-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл аймагындагы УКМКнын “Кызыл-Белес” эс алуу комплексинин ачылыш аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Чүй облусунун жетекчиси Азамат Осмонов, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы катышты.

“Кызыл-Белес” эс алуу борборунун жалпы аянты 19 гектар болуп, анда УКМК кызматкерлеринин эс алуусу үчүн керектүү заманбап шарттардын баары түзүлгөн. 15 заманбап эс алуу үйү курулуп, ар биринин аянты 60 чарчы метр. Мындан тышкары, асма жол 600 метрди түзөт. Кошумча көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштери да каралган.

УКМК төрагасы коопсуздук кызматкерлерин эс алуу комплексинин ачылыш аземи менен куттуктап, аталган жай алардын эс алуусуна ыңгайлуу экендигин, кызматкерлер жана ардагерлер кышкы-жайкы эс алуу күндөрүндө үй-бүлөсү менен таза абада чер жазып кетсе болорун баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда эс алуу жайынын кызыл тасмасы кесилип, комплекстин ичинде түзүлгөн шарттар тааныштырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: