Ташиев: "Мыйзамсыз иштерге аралашпаган жарандар жоопко тартылып калбашы керек"
Бүгүн, 23-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл аймагындагы УКМКнын “Кызыл-Белес” эс алуу комплексинин ачылуу аземинде атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев кызматкерлерге тапшырма берди.
Ал 1-январдан тарта ак ниет ишкерлерди колдоо максатында УКМК жана укук коргоо органдары тарабынан аларга болгон ар тараптуу текшерүүлөрдү токтотуу керектигин белгиледи. Тагыраагы, ишкерлерге экономикалык эркиндик берилип, алардын укуктарын коргоо башкы орунда болуусу керектиги айтылды.
“Бир дагы жөнөкөй, мыйзамсыз иштерге аралашпаган жарандар жоопко тартылып калбашы керек! Силер аны дыкат карагыла. Жок жерден кылмыш токуп, башкалардын тагдырын талкалабагыла. Бул кылмыштуулук! Эгерде биз 100 адамды мыйзамдуу жоопко тартып, бир адамды мыйзамсыз жоопко тартып койгон болсок, анда биздин бардык иштин жыйынтыгы жокко чыгарылат! Күнөөсүз адамды жоопко тартып жыйынтык көрсөткөндөн көрө, эч нерсе кылбай койгонуңар артык”, - деп белгиледи Ташиев.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















