super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мурдагы министр Бактияр Орозов бир жылга айдоочулук укуктан ажыратылды

 

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин мурдагы жетекчиси Бактияр Орозов бир жылга айдоочулук укуктан ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук соту билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, Аламүдүн райондук сотунун чечими менен экс-министр Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылга айдоочулук укуктан ажыратылды.

Эске салсак, Бактияр Орозов 15-декабрда кызматтан алынган. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасынын талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматынан бошотулганы айтылат.

Ошол эле күнү социалдык тармактарда Бактияр Орозовго окшогон адам тартылган видео тараган. Анда анын наркология бөлүмүндө текшерүүдөн өтүп жатканын көрүүгө болот. Көп өтпөй эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Орозов мас абалында унаа башкарып бара жатканда кармалганын тастыктаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: