Чүйдө жашы жете элек кызды никеге туруу үчүн уурдоого шектүүлөр кармалышты (видео)
Жайыл районунда жашы жете элек кызды никеге туруу максатында уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу 24-декабрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 22-декабрда саат 21:00 чамасында Аламүдүн РИИБине Васильевка айылында белгисиз адамдар күмүш түстөгү унаа менен 2008-жылы туулган К.Х. аттуу кызды уурдап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде Жайыл районунун Сосновка айылында күмүш түстөгү Honda Step үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аталган унааны 1995-жылы туулган А.А. аттуу жаран башкарып жүргөн. Автоунаанын ичинде 2008-жылы туулган К.Х. аттуу кыз жана 2005-жылы туулган Б.А., 2001-жылы туулган К.М., 2008-жылы туулган Б.М., 2009-жылы туулган К.А., 2008-жылы туулган К.Я., 2008-жылы туулган К.А., аттуу эркек балдар болгон.
Тергөө учурунда аныкталгандай, 2005-жылы туулган Б.А. никеге туруу максатында алдын ала тааныштары менен сүйлөшүп, автоунааны ижарага алып, кызды үйүнүн алдынан уурдап кеткен. Жашы жете элек кыздын апасы А.Н. аттуу жаран күнөөлүү адамдарга карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Натыйжада 2005-жылы туулган Б.А., 2001-жылы туулган К.М. жана 1995-жылы туулган А.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон соттук экспертизалар дайындалган. Калган катышуучуларга карата алардын жашы жете электигин эске алуу менен тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тергөө иши улантылууда.
Чүйдө жашы жете эле кызды никеге туруу максатында уурдаган шектүүлөр кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















