Баткенде 500 миң сомго жакын алимент төлөбөй жүргөн жаран кармалды
Баткен облусунун Кадамжай районунда алимент төлөбөй жашырынып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 24-декабрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Ак-Турпак айылылынын 35 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну балдарына төлөнө турган 474 миң 856 сом алиментти төлөбөй, мыйзамдык жоопкерчиликтен качып жүргөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөөлөрдүн негизинде Т.Э. Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:37
2025-12-25
19:33
2025-12-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















