Бишкек милициясынын башчысы аялдын өлтүрүлүшү боюнча айрым жагдайларга токтолду
Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев мурунку жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берди.
Анын айтымында, кылмышка шектелип жаткан адам мурда ички иштер органдарында кызмат өтөп, 2019-жылы пенсияга чыккан экс-милиция кызматкери. Ал кызматтан кеткенден кийин травматикалык тапанчага тиешелүү уруксат документтерин мыйзамдуу түрдө алган.
Токтоналиев аял уурдалган деген маалымат чындыкка дал келбестигин белгилеп, жубайлар 10 жылдан ашык убакыт никеде жашашкан жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияга эч кандай кайрылуулар түшкөн эместигин айтты. Анын айтымында, жалгыз чыр-чатак ушул жылы Балыкчы шаарында кызганычтан улам чыккан.
"Кечээ алардын никесин бузуу боюнча сот процесси болгон. Аялдын туулган күнү эле, шектүү аны куттуктагысы келген. Соттон кийин экөө жолугуп, орток пикирге келүүнү каалашкан. Эркек киши торт жана гүл сатып алган. Камералардан экөө тең унаа менен келип, чогуу үйгө киргени көрүнүп турат. Улуу уулуна “жараштык” деп айтып, аны кичүү балдарды чоң энесине алып келүүгө жиберишкен да, өздөрү үйдө жалгыз калышкан", - деди Токтоналиев.
Милициянын башчысы шектүү спирт ичимдигин ичкендигин айтты.
"Саат 20:00дө алар үйгө киришкен, аялдын колунда гүлдөр болгон. Ал эми саат 21:00дө 102 номерине анын эжеси чалып, чыр чыкканын билдирген. Ал туура эмес маалымат берип, аны уурдап кетишти деп айткан, бирок даректи так айта алган эмес. Унаанын номерин гана билдирген. Милиция видеокамералар аркылуу даректи аныктап, 40 мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге жеткен. Эшик ачылбагандыктан, биринчи кабат болгондуктан кызматкерлер терезе аркылуу киришкен. Эркек киши качып кетүүгө үлгүргөн эмес, ал кармалган. Ал учурда шектүү мас абалда болгон", - деп кошумчалады Токтоналиев.
Айта кетсек, кечээ, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде каргашалуу окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты.
Каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тарады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















