super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чет элдик блогерге "жергиликтүү элди тарбиясыз" деген кыз коомчулуктан кечирим сурады (видео)

 

Интернет желесине "Өз элин шылдыңдады" деген аталыштагы видео тараган. Анда орусиялык блогерге кыргызстандык жаран маек куруп жатып жергиликтүү эл тарбиясыз экендигин билдирген. Бул көрүнүш коомчулукта нааразычылык жаратып, аны жазалоо керектиги байма-бай белгиленди.

Бул факт Бишкек ШИИББине катталып, анын негизинде тиешелүү текшерүү иши башталган.

Анын алкагында 1999-жылы туулган М.Э. аттуу жаран аныкталды. Ал тергөөгө жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал коомчулуктан кечирим сурады.

Мындан тышкары айымдын аракеттерине укуктук баа берүү максатында соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгынын негизинде тиешелүү юридикалык чечим кабыл алынат.

Милиция жарандарды коомдо пикир билдирүүдө мыйзам талаптарын сактоого, улуттук баалуулуктарга жана коомдук адеп-ахлак нормаларына сый-урмат менен мамиле кылууга чакырат.






Чет элдик блогерге жергиликтүү элди тарбиясыз деп сүрөттөгөн кыз тергөөгө жеткирилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: