super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте аялын аткан зөөкүр. Маркумдун өлүмү апасынын, уулунун көзүнчө болгон (видео)

 

Бишкекте мурунку жолдошунун колунан ажал тапкан Жибектин жакындары каргашалуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып беришти. Окуянын алдында маркум апасы жана сиңдиси менен байланышып, башка күнү алардын үйүнө барарын билдирген. Бирок сиңдиси бир несени сезгендей, 102 кызматына байланышып эжесин сактап калууну, жездесинде тапанча бар экендигин айтып жардам сураган.

Милиция кызматкерлери келгенге чейин маркумдун жакындары ал жашаган батирге келип, апасы "Жибек" деп кыйкырганга жетишкен. Бирок шектүү батирден чыгып, аялынын жакындарын көргөндөн кийин кайра кирип кеткен. Бул арада каза болгон аялдын апасы батирге кирип барып, ачуу кыйкырык чыккан.

Маркумдун улуу баласы окуяны өз көзү менен көргөн. Бирок ага жардам бергенге жетишпей калганын билдирди.

Айта кетсек, кечээ, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып, өлтүргөн окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты.

Каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тарады.

Ошондой эле Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев мурунку жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берди.

Чыгарылышты толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: