Мирбек Иманбеков “Жаз” аттуу чыгармасына клип тарттырды












Ырчы Мирбек Иманбеков “Жаз” деген аталыштагы чыгармасына клип тарттырды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 7-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
“Клиптин жарык көргөнүнө 1 апта болуп калды. Акыркы 2 жылдан бери тарткан алгачкы клибим. Тартуу иштери өткөн жылдын декабрь айына туура келип, Ысык-Көлдөн жана Боомдон тарттык. Клипке жубайым, кызым жана уулум, өкүл ата-өкүл энем көрк кошушту”,- деди ырчы.
Ошондой эле жаз айларынын биринде жеке концертин берүүнү пландап жатканын айтты. Ырчы Чубак Сатаевдин “Кыздар, ай” деген ырын жаздыруу алдында турганын кошумчалап: “Ырды эстрадага ылайыкташтырайын деген оюм жок. Мурункусундай эле аккордеон, шылдырактардын коштоосунда жаңыртам”,- деди ал.Мирбек Иманбеков "Жаз"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

Рейтинг:
0

Колдун жээгиндеги кадрлар олло жакты )))
жакшы клип ырларды жарата беришине тилектешбиз Мирбек!