Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталды
Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 4-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Ош облусунун Кара-Суу районунда шифер менен жабылган эки кабаттуу бастырманын чатыры күйүп кетти. Ошондой эле бастырманын ичиндеги 1000 боо жүгөрү бакалы, 100 түк чөп, 100 боо пахтанын сабактары, 4 даана жеңил унаанын дөңгөлөктөрү, 2 даана трактордун дөңгөлөктөрү өрттөнүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















