Токтогул районундагы Торкен - Толук унаа жолуна кар көчкү түштү
Токтогул районундагы Торкен - Толук автожолуна 4,4 метр куб кар көчкүсү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, 16-мартта саат 15:30 чамасында Токтогул районундагы Торкен - Толук унаа жолуна көлөмү 4,4 метр куб болгон кар көчкүсү түшүп, жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштери жүрүп, саат 22:00дө жол толугу менен ачылган.
Мындан сырткары 16-мартта Чаткал районундагы Красная Горка - Ак-Таш унаа жолуна 500 метр куб кар көчкүсү түшүп, тазаланып, 18:30да жол ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















