Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунда эки уурулук фактысынын бети ачылды
Борбор шаардын Арча-Бешик жаңы конушунда эки уурулук фактысынын бети ачылды. Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар аталган конуштун Ак-Туз көчөсүндө жайгашкан мончого кирген кыздын Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап алышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектелип К.Алина кармалды.
Мындан сырткары Арча-Бешиктеги үйлөрдүн биринде үйдө эч ким жоктугунан пайдалангандар 5 миң сом акча каражатын уурдап кетишкен. Ленин РИИБинин кызматкерлери чараларды жүргүзүп, кылмышка шектүү 3 адамды: А.Урмат, Б.Качыбек жана К.Алтынбекти колго түшүрүштү.Учурда аталган фактылар боюнча тергөө амалдары
жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















