Бишкектеги Чыгыш университети окуучулар арасында "Аалам ата-энеден башталат" аттуу эссе сынагын өткөрөт
"Аалам ата-энеден башталат" аттуу темада 11-класстын окуучуларынын арасында эссе жазуу үчүн сынак жарыяланды. Демилгени Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин Э.Ибраев атындагы журналистика кафедрасы көтөрүп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Уюштуруучулар эссенин авторунун толук аты-жөнү, окуган мектеби, байланыш телефону сөзсүз көрсөтүлүүсүн эскертет. Эссе электрондук дарек аркылуу 2014-жылдын 30-апрелине чейин кабыл алынат. Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















