Министр Алиясбек Алымкулов мурда эскертүү болгонуна карабай ант берүүдө бир сүйлөм кошуп айтты
Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов мурда эскертүү болгонуна карабай бүгүн, 9-апрелде парламентте ант берүүдө текстке бир сүйлөм кошуп айтты. Министр сөзүн "бисмиллахир рахманир-рахим" деп баштады. Мурунку өкмөттүн ант берүү аземинде да Алымкулов сөзүн ушинтип баштап, айрым депутаттар "ант берүүнүн тексти маанилүү расмий документ, ага ашыкча сөз кошууга болбойт" деп нааразычылык билдиришкен эле.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
8
8
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















