Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин тургузулушуна жардам көрсөтүлдү
Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин тургузулушуна "Бограс” компаниясынын акционерлери Дэвид Фактор жана Жорж Ричмонд жардам көрсөтүп, 5 миң доллар каражатты актёрдун ысымын алып жүргөн коомдук фондго тапшырышты. Алар өз билдирүүлөрүндө Сүймөнкул Чокморовдун кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошконун белгилешкен.
Бул иш-чарага актёрдун туугандары Сүйөркул Чокморов, Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, режиссёр Замир Эралиев, КРнын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов, актёр Улан Өмүралиев жана башкалар катышты. Бул тууралуу 25-апрелде Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фондунан билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-11-21
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















