ӨКМ: "Бишкектеги Ала-Арча дарыясын кардан тазалоо иштери улантылып жатат"
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Бишкектеги Ала-Арча суусунун нугун кардан жана муздан тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 5-6-январда "Бишкексууканал", Шаардык архитектура башкармалыгынан жана "Жашылдандыруу" ишканаларынан 3 экскаватор жана 25 жумушчу каналдын Малдыбаев көчөсү менен кесилишкен жеринде иш жүргүзүшкөн. Ушундай эле жумуш бүгүн, 7-январда да улантылды.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















