Сүлүктүдөгү көмүр шахтасында 3 адам газга ууланып, алардын бири каза тапты
Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын биринде 3 адам газга ууланып, алардын бири каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 29-апрель күнү саат 23:00дө Сүлүктү шаарындагы “Узун-Сай” көмүр шахтасында 3 адам газга ууланган. Ал жакка дароо куткаруучулар барышып, 1968-жылы туулган Жалилов Рузубайды жана 1975-жылы туулган Тагаев Бахадырды алып чыгышкан. Ал эми 1968-жылы туулган Бабаев Набижон каза тапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















