Жалал-Абадда 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата футбол боюнча мелдеш өтүүдө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмү 1-Май майрамына карата футбол боюнча мелдеш өткөрүүдө. Бул оюнга жалпысынан 10 команда катышып жатат. Аталган бөлүм тарабынан футбол оюнуна 5 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жеңишке ээ болгон командаларга сыйлыктар тапшырылат.
Шаардык мэриянын дене тарбия, спорт бөлүмүнүн башчысы Адылбек Бакиров: "Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан оюндарыбыздын негизги максаты - шаарыбыздагы жаштарыбызды сергек жашоого жана дени сактыкка тарбиялоо. Ден соолук болсо, калганын адам баласы өз колу менен жасап алат",- деди. Бул тууралуу 1-майда Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
10:40
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















