Ильяз Абдыразаков казак кызы Назымды клибине тартты








Акыркы убактарда чет өлкөгө чыккан ырчыларбыз жөн келбей бир клип тартып, өңөрүп келишүүдө. Чет жерде тартылган клиптердин катарын бүгүн, 7-майда Ильяз Абдыразаковдун "Бир өзүңө" чыгармасы толуктады.
Автор: Дамира Арстанова
"Бул ырдын сөзү Шахназар Бөрүкулов деген акын жигитке таандык. Клипти режиссёр Бейпил Маманов тартты. Тартуу иши 4 күнгө созулду. Албетте, бул учур көп кызыктар менен коштолду. Казакстандын борборуна чоң кранды орнотуп алганбыз. Ары-бери өткөндөр таң кала карап жатышса, бөтөн эл болгондуктанбы, бир башкача сезимде болдук.
Клипке ылайыктуу кыз тандоо үчүн атайын кастинг жарыяладык. Келген 5-6 кыздын ичинен Назым сулууну тандап алдык. Сүйлөшө келгенибизде ал менин чыныгы күйөрманым болуп чыкты.
Ал эми клиптеги "ак жорго" биздин Кыргызстандан айдап барган унаабыз. Назымдын унаасы бар экен. Анын номерин чечип, биздин унаага тагып койгонбуз",- дейт Ильяз Абдыразаков жаңы клиби тууралуу.
Ильяз Абдыразаков "Бир өзүңө"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
18

http://www.super.kg/article/?article=27375
ырды коллекцияма кошуп коёюн эми=))
С-Инфо музыка угуп жатканда башка страничкага өткөндө,музыка өчпөгөндөй кылгылачы,
абдан жакшы болмок, мисалы как в однокл.
Сунушуңуз эсибизде болот. Рахмат!