Баткен. Ак-Сай айылына электр энергиясы берилди
Баткен районундагы Ак-Сай айылына электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалым болгондой, Тажикстандын Ходжайлоо айылы аркылуу өтүүчү электр берүү чубалгылары калыбына келтирилди.
Учурда аталган аймактагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курч бойдон. Кызыл-Бел айылындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жерден Кыргызстандын жарандары тарабынан Баткен-Исфара унаа жолу, Ак-Сай айылындагы Исфара-Ворух жолу жабылып турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















