7-май күнү Кемин районунда болгон селдин кесепеттери иликтенүүдө (фото)
2014-жылдын 7-май күнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кызыл-Октябрь айылындагы турак жайларды суу каптап кеткен. Болжол менен 250 үйдүн короо-жайын суу каптаса, 30га жакын үйдүн ичине суу кирип кеткен. Мындан улам 8-май күнү өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ал жакка барып, селден жабыркаган эл менен жолугушту.
Ошондой эле бир жарандын 8 коюн, тоокторун сел алып кеткен. Жарактан чыккан үйлөр дагы бар. Сел мектептин ичине да киргендиктен, окуу болгон жок. Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындай окуя 1982-жылы да болгон. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы селдин кесепеттерин иликтөөдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-майда билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
aikol87
09.05.2014. 10:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бодо кырсыктан сак болойлу. Мамлекет жардам берер эми.
saltanat.
09.05.2014. 11:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамамдын айылы бул, кокууй, кошмар...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















