Ошто күч түзүмдөрүнүн таланттуу кызматкерлеринин арасында “Жоокер ыры” аттуу сынак өткөрүлдү
9-Май – Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата Ош шаарындагы драма театрында “Жоокер ыры” аттуу сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Ага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жана күч түзүмдөрүнүн таланттуу кызматкерлери катышышты.
Жыйынтыгында 1-орунду Ош облустук Жол-кайгуул кызматынын кызматкери Нурбек Молдалиев ээлесе, ӨКМнын атынан Өзүнчө куткаруу отрядынын тарбиялоо бөлүмүнүн улук офицери Бекзатбек Казаков катышып, 6 катышуучунун ичинен 2-орунду ээледи. 3-орун ээси Жалал-Абад шаардык Жол-кайгуул кызматынын кызматкери Нурлан Абдраимов болду.
Байгелүү орун ээлери 2014-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өтө турган финалдык турга жолдомо алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
10:40
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















