Чүй облусунун аймагында акыркы 4 ай ичинде жол кырсыгынан 73 адам каза болгон
Ушул жылдын алгачкы 4 айында Чүй облусунун аймагында жол кырсыгынан улам 73 адам каза болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 470 жол кырсыгы катталып, алардын айынан 73 адам каза болгон. Ошондой эле бул жол кырсыктарынын айынан 690 адам түрдүү жаракат алышкан. Мындай көрсөткүч 2013-жылдын ушул эле айларындагы жол кырсыктарынын көрсөткүчүнөн 16,6 пайызга көп экендигин далилдейт. Алсак, 2013-жылдын алгачкы төрт айында Чүй облусунун аймагында 403 жол кырсыгы катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















