Ысык-Ата районунда сууга чөгүп кеткен 17 жаштагы баланы издөө иштери уланууда
Ысык-Ата районунда сууга чөгүп кеткен 17 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 20-майда да издөө иштери жүргөн. Ага суучулдар жана куткаруучулар тартылган. Бирок андан натыйжа чыккан эмес. Бүгүн да издөө иштери улантылат.
Эске сала кетсек, 17-май күнү саат 18:30 чамасында Красная Речка айылында жайгашкан майып балдардын атайын жатак-мектебинин тарбиялануучусу, 1997-жылы туулган Айбек Карымшаков Чоң Чүй каналына жуунуп жатып чөгүп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















