Бишкектеги мектептер Акыркы коңгуроо күнү укук коргоочулар тарабынан күзөткө алынат
Бишкек шаарынын бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо 24-май күнү өтөт. Ал күнү тартипти сактоо максатында мектептер жергиликтүү райондук билим берүү башкармалыктары, мектеп директорлору жана укук коргоочулар тарабынан күзөткө алынат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл борбордук мектептерде 11-классты 4655 бүтүрүүчү аяктаса, 9-классты аяктагандардын саны 9577 окуучуну түзүүдө.
Ал эми артыкчылык аттестатынын талапкери менен борбор калаанын мэри Кубанычбек Кулматовдун жолугушуусу 23-июнь күнү өтмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
10:40
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















