Кочкор-Ата шаарчасында батирден өрт чыгып, батир ээси эки колунан, бетинен күйүк алды
Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарчасындагы үйлөрдүн биринде батир толугу менен күйүп, үйдүн ээси эки колунан, бетинен күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 77 чарчы метр болгон батир толугу менен күйгөн. Үйдүн ичиндеги 10 даана килем, 1 муздаткыч, 1 сыналгы, төшөнчүлөр, 12 пластик терезе, 8 пластик эшик күйүп кетти. Ошондой эле үйдүн ээси 1965-жылы туулган Токторбек Жумаев күйүк алган.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















