“Бажы биримдигине кирсек, 170 миллион адамдан турган рынокко жол ачылат” дейт адис Кубат Өмүрзаков
“Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, ага 170 миллион адамдан турган рынокко жол ачылат”,- деп айтты өз баяндамасында бүгүн, 23-майда Бажы биримдигине арналган жыйындын жүрүшүндө экономикалык серепчи Кубат Өмүрзаков.
Анын айтымында, буга чейин инвесторлор 5 миллиондук рынокко кызыкчу эмес. “Бажы биримдигине кирсек, инвестициялардын келүүсүнө шарттар түзүлөт. Анткени сатуу рыногу чоңоёт. Албетте, өкмөт бул багытта иштеши керек”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
10:40
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















