Баланы тарбиялоо жана окутуу милдеттерин аткарбагандыгы үчүн ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылышат
Баланы тарбиялоо жана окутуу милдеттерин аткарбагандыгы үчүн ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылышат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 26-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы таратты.
Бүгүнкү күндө коомдогу жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан кылмыштардын санын азайтууга ата-энелер түздөн-түз катышууга тийиш. Өз кезегинде Бишкек ШИИББинин жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциясы мектеп, лицей жана колледждердин тарбиялануучуларынын коомдук тартипти бузууларынын алдын алуу үчүн профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө.
Буга катар эле Бишкек ШИИББи баланы тарбиялоо жана окутуу милдеттерин аткарбаган учурда ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















