Базар-Коргондо катуу жааган жамгырдын айынан көпүрө жараксыз абалга келди
Базар-Коргондо катуу жааган жамгырдын айынан көпүрө жараксыз абалга келди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.
2-июнда саат 18:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Көкчөгөз жана башка айылдарды Базар-Коргон району менен байланыштырган жөө адамдар өтүүчү темир көпүрөнүн таянычын суу жеп, түндүк чыгыш жагына ооп калып, адам өтүүгө кыйынчылык жаралган. Азыркы убакта Базар-Коргон айыл аймагы жана ИИБ тарабынан күзөт уюштурулган. Айылдардын тургундары бузулган көпүрөдөн 1,5 чакырым аралыктагы Бишкек-Ош унаа жолундагы райондун борборундагы көпүрө менен өтүшүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















