Кыргызстанда 2 жыл ичинде 41 коомдук Байкоочу кеңеш түзүлдү
Кыргызстан аялдар конгресси 2012-жылдын 1-январынан баштап «Бюджеттин ачыктыгын жана коомдук Байкоочу кеңештердин ишмердигин чагылдырууну колдоо менен алардын отчёттуулугун жогорулатуу» долбоорун ишке ашыра баштады. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда өткөн маалымат-жыйын учурунда аталган конгресстин төрайымы Замира Акбагышева билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы 2 жылда 41 коомдук Байкоочу кеңеш түзүлгөн. «Кыргызстандын жарандары алар тууралуу билиши керек. Адамдар жардам үчүн бул түзүмдөргө кайрыла алышат»,- деди Акбагышева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

