Бишкекте автоунаа толугу менен күйүп кетти
Бишкекте автоунаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-июнда билдирди.
Белгилүү болгондой, кечээ саат 03:30 чамасында Жал-15 кичи районундагы темирден жасалган 12 чарчы метр унаа токтотуучу жай күйгөн. Кырсыктан улам унаа токтотуучу жайдын ичиндеги Субару Форестер үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт саат 04:45те өчүрүлүп бүткөн. Кырсыктын келип чыгыш себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















