Ысык-Ата районунда май чыгаруучу менчик ишканадан өрт чыкты
Ысык-Ата районунда май чыгаруучу менчик ишканадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 4-июнь күнү саат 21:00 чамасында Өрткө каршы кызматына маалымат келип түшкөн. Анда Кант шаарында жайгашкан май чыгаруучу ишканада өрт чыкканы айтылган. Аталган жерге өрт өчүрүүчүлөр барышып, өрттү өчүрүшкөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 3 тонна май калдыктары күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















