super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы оюну Бразилиянын 3:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады (фоторепортаж)

 
Оюн 48 миң кишини батыра ала турган "Арена Коринтианс" стадионунда өттү.
Футболчулар өз өлкөлөрүнүн расмий гимндерин аткарышууда.
Бразилия мелдешти кабыл алып жатканына байланыштуу салт боюнча алгачкы болуп майданга чыгууга милдеттүү болчу.
Луис Филиппе Сколари баштаган Бразилиянын машыктыруучулары...
Үй ээлеринин курамынан Неймар өзгөчө байкалса, Хорватия тараптан Иван Ракитич айырмаланып турду.
ФИФАнын президенти Зепп Блаттер жана Бразилия Федеративдик Республикасынын президенти Дилма Русеф айым баштаган топ алгачкы оюнга кызыгуу менен көз салып отурат.
Оюндун жүрүшүнөн...
Алгачкы голду бразилиялыктардын коргоочусу Марсело өз дарбазасына киргизип алды.
Оюн эсебин биринчи болуп ачкан хорваттардын ошол маалдагы кубанычына чек жок эле.
Оюнда көптөгөн эреже бузуулар катталып, айып кагаздары сунулуп жатты. Япониялык калыс Юити Нисимура сары айып кагазын 90 мүнөт ичинде 4 ирет алып чыгууга мажбур болду.
Неймар 16 метрлик аянттын сыртынан сокку узатуу менен оюн эсебин теңей алды.
Неймар үй ээлеринин мелдештеги алгачкы голун киргизди.
Калыстар дал ушул Дүйнө чемпиондугунда ак түстөгү боёк чачып, чек коюп берүүдө. Белгилүү бир убакыттан кийин боёк өчүп калат.
11 метрлик айып соккусу жөнөкөй кырдаалда болуп калгандай таасир калтырды.
Оюнчулар да калыстын пикирин колдой беришкен жок.
Команданын капитаны Тиаго Силва 11 метрлик айып соккусу дарбазага багытталып жаткан маалда дарбазага артын салып турду.
Жеңиш алып келген эки голдун автору Неймар.
Акыркы гол Хорватиянын дарбазачысы Стипе Плетикосанын катасынан улам кирди. Дарбазачы бул жеңилүүгө катуу ыза болду.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы оюну Бразилиянын 3:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Алдын ала айтылган божомолдор ордунан чыгып, үй ээси өз ысымына алгачкы 3 упайды жаза алды.  

Үй ээлери оюндун 1-таймында өз оюнун табууда бир топ кыйналышты. Каршы чабуулда оюн алып барган Хорватия курама командасы оюндун алгачкы мүнөттөрүндө кооптуу чабуулдардын натыйжасында эсеп айырмачылыгында алдыга озуп чыкты. Бирок оюнда баштан-аяк топту көзөмөлүндө кармаган бразилиялыктар алгач эсеп катыштыгына тең салмактуулук алып келсе, бир топ убакыттан соң алдыга чыга алды. Бразилиянын курамынан Неймар лидерлик сапатын көргөзүп, бардык чабуулдарды уюштуруу менен катар стандарттык абалдарда топту оюнга киргизүү милдетин моюнуна алды. Бул көрүнүш көптөгөн адистердин “Бразилиянын ийгилиги Неймардын оюнунан көз каранды” деген кептин аныгына жетүүгө алып келди десек болот.  

БРАЗИЛИЯ-ХОРВАТИЯ – 3:1

Голдор: Марсело (11-мүнөттө өз дарбазасына), Неймар (29-мүнөт), Неймар (71-мүнөт, пенальтиден), Оскар (90+1) 

 






Бразилия-2014: Бразилия-Хорватия 3:1

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
13.06.2014. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Билгем ушундай болорун. Неймар азамат. Бразилия чемпион.
13.06.2014. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Вой азаматтар
13.06.2014. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бразилия кечээкидей оюну менен чемпион боло албайт
13.06.2014. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бразилия баштаганда эле 1гол подарка кылышы мындай айтканда. Оскар Неймар азаматтар. Баарыдык 4 голду Бразилиялыктар жаратты
13.06.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бразилия-Чемпион!
Медиа-портал
14.06.2014. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга Бразилия
Медиа-портал
15.06.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразиля чемпиен болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: