Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголуп жаткан өспүрүм кыз табылды
Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголуп жаткан өспүрүм кыз табылды. Бул боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылынын тургундары милиция бөлүмүнө кайрылып, ушул жылдын 30-майында алардын 15 жаштагы кызы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголуп жаткандыгын кабарлашкан.
Ыкчам издөөнүн натыйжасында дайынсыз жоголду деп жаткан кыз коңшу Ивановка айылынан табылган. Өспүрүм кыз ата-энеси менен урушуп, үйүнөн чыгып кеткендигин айткан. Учурда кыз ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















