Ошто маңзат колдонгондордун басымдуу бөлүгү 37 жашка чейинкилер. Алардын бири "баңгизатын колдонгондон бери үй-бүлөм жапа чегип, максаттарына жете албай келишет" дейт
Ош облустук жана Ош шаардык маңзат колдонуучулардын статистикасы боюнча, Ош облустук наркология борборунун жетекчиси Таштемир Атабаев 21-июнда маңзат колдонуп каттоого алынган жарандар тууралуу маалымат берди.
Ош облусу боюнча 2013-жылы 563 адам каттоого алынса, алардын 9у аялдар. Ал эми Ош шаарынын өзүндө эле 1451 жаран каттоодо турган. Бул көрсөткүч жыл аягына чейин сакталган. Алардын 84ү аялдар. Баңгизат колдонуп кайрылгандардын басымдуу бөлүгү 37 жашка чейинкилер. Алардын арасында өспүрүм балдар да бар. Алар көбүнчө таксикоманиядан жапа чеккендер. Бул балдар материалдык мүмкүнчүлүгү ылайык келбегендиктен, клей, бензин, лак сыяктуу химикаттарды жыттоо менен ооругандар.
Ош облустук наркология борборуна келген Айгүл Жапарова маңзат колдонгондон кийинки тагдырын айтып берди.
"Өзүм Оштун Кара-Суу районунан болом. 14 жашымда болсо керек, тишим ооруп жатканын дос балдарыма айтсам, "муну чегип көрсөң, айыгат" дешти. Чын эле айыкты, тишим ооруган сайын дос балдарыма барып, алардын бергендерин чегип жүрүп, кийин бул нерсе акча турарын айтышты. Акча табуу үчүн көчөгө чыгып кеттим.
Кийинчерээк денемди сатып акча таап, ага героин алып жүрдүм. Байкуш ата-энем "турмушка чыкса, колдонгон нерсесин токтотуп калар" деген үмүт менен мени турмушка беришти. Кудай жалгап баламды аман-эсен төрөдүм, бирок ийне сайынган адатым калган жок. Баарынан ажырадым, көчөдө калдым. Азыр балам 13 жашта, мектепке барса дос балдары "Сен да сайынып жатасыңбы, апаңа кошулуп?" дешет экен.
Ал эми бир тууган эжемди "сиңдиси наркоман" деп жүрүшүп, ал да үй-бүлөсүнөн ажырады. Анысы аз келгенсип агамдын сүйлөшкөн кызынын ата-энеси "бул баланын карындашы чегет" дешип, алар агама кызын бербей коюшту. Ошентип, жакындарым менин айымдан өз максаттарына жете алышпады. Баңгизатын 15 жыл колдондум, ден соолугумдан ажырадым, арты-алдымды карап, эрким жетип чегүүнү токтоттум, бирок жакындарым азыркыга чейин "булардын үйүндө баңгизат колдонгон бирөөсү бар" деген сөздөн арылыша элек",- деди ал.
Айта кетсек, 26-июнь Бүткүл дүйнөлүк баңгизатка каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(5)
shkolad87
22.06.2014. 13:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайгылуу албетте
just-mars
22.06.2014. 14:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алардын 90% өзбек улутундагылар... мен ошол жерде иштейм, тиги эжени да жакшы тааныйм.
elgiz0890
22.06.2014. 16:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллаххым озун сакта шайтандын куралдарынан
nuri.88
22.06.2014. 19:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта...
mamyt_92
23.06.2014. 08:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба 90% озбектер туура,менда жакшы билем
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















