Ош шаарынын вице-мэри Замир Аскаров шаардагы ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты
20-июнда Ош шаарынын вице-мэри Замир Аскаров шаардагы ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Фото: Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Ал гипсокартон чыгарган «Фортрес» ишканасында болду. Мындан тышкары 2 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан «Легпром» ассоциациясы жана «Келечек» акционердик коому менен таанышты.
«Келечек» акционердик коому консерваланган жашылча-жемиш азык-түлүктөрүн чыгаруу үчүн түзүлгөн. Аталган ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, андагы өндүрүш жергиликтүү базарга эле эмес, Бишкек шаарына, ошондой эле Якутияга (Орусия) экспорттоого багытталган.
«Легпром» ассоциациясына 11 тигүү цехи кирет жана анда 300 чамалуу кызматкер эмгектенет. Өндүрүштүн бир айдагы көлөмү 4 миллион сомду түзөт. Андагы өндүрүш жергиликтүү жана республикалык базарларга, ошондой эле Орусия менен Казакстанга экспорттоого багытталган. Бул жерден жергиликтүү базарга чыга турган жана Казакстанга экспорттоо үчүн улуттук кийимдер чыгарылат. Маалыматта белгиленгендей, ар бир ишканада ашкана, жуунуучу жай жана санитардык түйүн бар.
Замир Аскаровдун айтымында, шаардык мэрия Ош шаарынын өнөр жайын көтөрүүгө даяр ишканалардын баарына жардам көрсөтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
aida2013
21.06.2014. 18:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жардам бере турганы жакшы экен жардам берсин !
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















